Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Дыйкандар картошкасын сата албай кыйналып жатышат, – депутат
03.11.2022 | 10:52
Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр айтылды.
Депутат Акылбек Түмөнбаев картошка өстүргөн дыйкандар түшүмүн сата албай кыйналып жатканын айтып, жазда берилген дан эгиндеринин да үрөөнү талаптагыдай түшүм бербегенин кошумчалады.
“Андыктан аталган маселелер боюнча Министрлер кабинети маалымат берип, дыйкандарга колдоо көрсөтүшү кажет”, – деди депутат.
Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Балбак Түлөбаев дан түшүмүн тегирмендер албай жатканын сынга алып, Айыл чарба министрлигинин ишине наарычылыгын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом