Депутат Бишкектеги жол тыгын маселесин чечүүнүн жолун сунуштады

Депутат Бишкектеги жол тыгын маселесин чечүүнүн жолун сунуштады

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев («Ынтымак») Бишкек шаарындагы тыгын маселесин чечүүнүн жолун сунуштады.

Анын айтымында, ал бир ай мурун мен Бишкек шаарына байланыштуу бир нече маселени көтөргөн. Бул жол киренин көтөрүлүшүнө жана коомдук транспортту сатып алуу маселесине каршы болгон маселелер.

«Мэриядан кат келди. Декабрь айында 120 автобус келет экен. Министрлер кабинетинде дагы 400гө жакын автобус сатып алуу боюнча келишим да талкууланууда. Батыраак бул автобустарды алуу керек. Айлык акыны көтөрүү маселеси өзүнөн-өзү чечилмек», — деди Маматалиев президенттин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылып.

Депутат ошондой эле мектеп автобустарын пилоттук долбоордо ишке киргизүүнү сунуштады.

«Бул сөзсүз түрдө шаардагы тыгын маселесин чечет деп сөз берем. Мектеп окуучулары азыр каникулда, тыгын дароо азайды. Алар автобустун акысын төлөшөт, шаарда 200 миңдей мектеп окуучусу бар», — деди Маматалиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>