Жыл башынан бери “Автоураган” системасы 18 миңден ашык эреже бузуу каттады

Жыл башынан бери “Автоураган” аппараттык-программалык комплекси аркылуу 18 миң 350 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн брифингде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов билдирди.
Анын айтымында, эреже бузган айдоочулардын ичинен 7 миң 154 унаа айып короого киргизилген.
“Автоураган” комплекси жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуудагы санариптештирүү иштеринин алкагында киргизилгенин айткан Жумагулов, бул система кызматкерлердин жүгүн жеңилдетүүгө жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталганын белгиледи.
Мындан тышкары, анын айтымында, ЖКККББ дрон системасын да ийгиликтүү колдонууда.
“Биздин кызматкерлер турбаган аймактарда жана камералар орнотулбаган жерлерде, айрыкча туристтик мезгилде дронду колдонуп жатышат. Алар каршы тилкеге чыгуу, жол четин басып өтүү, туура эмес токтотуу сыяктуу эреже бузууларды реалдуу убакытта каттап жатат. Дрондордун жардамы менен жыл башынан бери 4 миңден ашык эреже бузуу аныкталып, тийиштүү протоколдор түзүлдү”, — деди ал.