Жыл башынан бери Лейлекте 16 чакырымга асфальт төшөлдү (тизме)

24.11.2023 | 09:00

Жыл башынан бери Баткендин Лейлек районунда 16 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6 чакырым жол республикалык бюджеттен эсебинен салынган. Жолдордун курулушуна 41 млн сом жумшалган.

Алар:

– Раззаков – Беш-Бала – Ак-Суу жолу –  4 км

– Раззаков – Гордой – Кекире жолу – 2 км

Дагы 10 чакырым 495 метр жолдун курулушу жергиликтүү бюджет, Баткен облусунун өнүктүрүү фонду, Лейлек районунун өнүктүрүү фонду жана үлүштүк гранттын эсебинен каржыланган. Жалпы 33 млн 185,3 миң сом сарпталган.

Алар:

– Кара-Булак айылынын узундугу 410 метр болгон Сейдалиев көчөсү

– Ак-Суу айылынын 1 чакырым 100 метр болгон Достук жана Орто көчөлөрү

– Кулунду айылынын 1 чакырым 50 метр болгон Батыш, Борбордук  көчөлөрү

– Арка айылынын 1 чакырым 300 метр болгон С.Шамшиев жана Р.Турсунбаев көчөлөрү

– Катраң айылынын 603 метр болгон Манас көчөсү

– Кара-Булак айылынын 800 метр болгон А.Садыков көчөсү

– Ак-Суу айылынын 900 метр болгон Ынтымак жана Жаңы-Абад көчөлөрү

– Бешкент  айыл өкмөтүнө караштуу Андархам   айылынын 700 метр болгон А.Отабаев көчөсү

– Чимген айылынын 1 чакырым 200 метр болгон Тагай Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрү

– Борбордук айылынын Хамидов көчөсүнүн 500 метр жери

– Жаштык айылынын Т.Садыков көчөсүнүн 750 метр жери

– Арка айылынын Орто көчөсүнүн 1 чакырым 182 метр жери

[image_carousel source=”media: 201890,201891,201892,201893,201894,201895,201896″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top