Жыл башынан бери Лейлекте 16 чакырымга асфальт төшөлдү (тизме)

Жыл башынан бери Лейлекте 16 чакырымга асфальт төшөлдү (тизме)

Жыл башынан бери Баткендин Лейлек районунда 16 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6 чакырым жол республикалык бюджеттен эсебинен салынган. Жолдордун курулушуна 41 млн сом жумшалган.

Алар:

— Раззаков — Беш-Бала — Ак-Суу жолу —  4 км

— Раззаков – Гордой — Кекире жолу — 2 км

Дагы 10 чакырым 495 метр жолдун курулушу жергиликтүү бюджет, Баткен облусунун өнүктүрүү фонду, Лейлек районунун өнүктүрүү фонду жана үлүштүк гранттын эсебинен каржыланган. Жалпы 33 млн 185,3 миң сом сарпталган.

Алар:

— Кара-Булак айылынын узундугу 410 метр болгон Сейдалиев көчөсү

— Ак-Суу айылынын 1 чакырым 100 метр болгон Достук жана Орто көчөлөрү

— Кулунду айылынын 1 чакырым 50 метр болгон Батыш, Борбордук  көчөлөрү

— Арка айылынын 1 чакырым 300 метр болгон С.Шамшиев жана Р.Турсунбаев көчөлөрү

— Катраң айылынын 603 метр болгон Манас көчөсү

— Кара-Булак айылынын 800 метр болгон А.Садыков көчөсү

— Ак-Суу айылынын 900 метр болгон Ынтымак жана Жаңы-Абад көчөлөрү

— Бешкент  айыл өкмөтүнө караштуу Андархам   айылынын 700 метр болгон А.Отабаев көчөсү

— Чимген айылынын 1 чакырым 200 метр болгон Тагай Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрү

— Борбордук айылынын Хамидов көчөсүнүн 500 метр жери

— Жаштык айылынын Т.Садыков көчөсүнүн 750 метр жери

— Арка айылынын Орто көчөсүнүн 1 чакырым 182 метр жери

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен жол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>