Патент жоюлгандан кийин биринчи үч айда соодагерлер текшерилбейт

Патент жоюлгандан кийин биринчи үч айда соодагерлер текшерилбейт

2024-жылдын биринчи кварталында соодагерлерге жаңы салыктык тартипке көнгөнгө убакыт берилет.  Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору Махмуд Хусейнов “Патенттердин жоюлушу соода тармагындагы ишке кандай таасирин тийгизет?” аталышдагы тегерек столдо билдирди.

Анын маалыматында, алгачкы үч айда айып пул салынбайт жана текшерүүлөр болбойт. Махмуд Хусейнов кийин ишкерлер айыппул төлөөнүн ордуна кассалык аппараттарды орноторуна ишеним артты.

«Эскертүү 50 жолу берилиши мүмкүн, бирок 51-жолу соодагер өзү айып пул албаш үчүн чек алууга аракет кылат», — деди ал.

Башкы инспектор Жогорку Кеңештин  айыппулдарга 70 пайыздык жеңилдик берүү чечимин жыйынтык берип жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл. Өлкөдө патент менен ишкердик кылгандардын 69 түрү бар.

Бирдиктүү салык тартибине ылайык жылдык киреше 8 миллион сомго жетпесе, салыктан бошотулат. 30 миллион сомго чейин жүгүртсө 0,5% менен салык төлөшөт. 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражатты айлантса 1% менен төлөйт.

Бирок өлкөдөгү бир катар базарларда иштеген ишкерлер кассалык аппараттарды орнотууга каршы болуп келишет.

Нарында ишкерлер митингге чыгышты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>