ЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
Жыл башынан бери өлкөдө 26,1 миң адам пенсияга чыкты
13.06.2023 | 13:42
Кыргызстанда быйыл январь-май айларында 26 миң 155 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Ошол эле учурда, май айында 5 миң 317 жаран пенсияга чыккан. Андан тышкары, эмгек тажрыйбасы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 501 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинген.
Маалым болгондой, быйыл 5 айда өлкөдөгү пенсионерлерге 29 млрд 631,6 млн сом төлөнгөн.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом