Жер мунапысын алууга кандай документтерди тапшыруу керек?

Жер мунапысын алууга кандай документтерди тапшыруу керек?

Бишкек шаарында жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында, жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда документтерин толук тапшырган Биринчи май жана Свердлов районунун жарандарынын тизмеси белгилүү.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн  ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);

— техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;

— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;

— объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).

Документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>