ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Кыргызстанда мас айдоочуларга каршы рейд жүрөт
13.06.2023 | 13:58
Жайкы туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында 13-июндан тартып, 19-июнга чейин, жалпы өлкө аймагында “Рулда” аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.
“Урматтуу айдоочулар өзүбүздүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн баарыбыз жол эрежелерин так сактайлы!”, – деп эскертет ЖКККББ.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом