Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт«Кыргыз темир жолу» кирешесинин жарымы Макмал темир жолунун курулушуна жумшалатПарламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карадыСвердлов районунда администрация жана милиция түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү текшердиБишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
Агартуу министрлиги 2025-жылдын мыкты мугалимин аныктады
25.09.2025 | 16:58

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык конкурс 22-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча жарышышкан.
Конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкү сынактардан өтүшкөн:
- «Педагогикалык кырдаалдар» – педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;
- «Мастер-класс» – кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;
- «Сабак» – практикалык сабак өтүү сынагы.
Башкы жеңүүчүдөн тышкары калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталган:
- Мыкты башталгыч класстар мугалими – Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Ардак Токтоноева;
- Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы мектептин мугалими Озада Салахудинова;
- Мыкты тарых мугалими – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы мектептин мугалими Азирет Асылбеков;
- «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим – Ош шаарындагы №4 С. Киров атындагы мектептин мугалими Зулхумор Хафизова;
- Мыкты чет тил мугалими – Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 А. Тангатаров атындагы мектептин англис тили мугалими Махабат Шорохова;
- Мыкты география мугалими – Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектептин мугалими Эрали Абдиев;
- «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим – Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин мугалими Надира Шаршенбаева;
- Мыкты музыка мугалими – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы мектептин мугалими Кубанычбек Урпалыев;
- Мыкты дене тарбия мугалими – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы мектептин дене тарбия мугалими Асылбек Кыдыров;
- Көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы мектептин мугалими Айнура Чынасылова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом