Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта айтылгандай, Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ал министр кызматына быйыл июнь айында дайындалган.