Үчүнчү алтын! Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогун утту

Үчүнчү алтын! Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогун утту

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак ченинде катышкан финалдык беттеште чехиялык Адэла Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңип, Дүйнө Кубогунда алтын медалга ээ болду.

16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.

Муну менен балбан кыз Дүйнөлүк Кубокто Кыргызстанга үчүнчү алтынды алып келди.

Буга чейин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасындагы Айсулуу Тыныбекова жана Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңип алган.

Белгилей кетсек, чемионат Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеш эртең, 18-декабрда жыйынтыкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>