Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Жуманазарова чейрек финалда жеңилди

Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Жуманазарова чейрек финалда жеңилди

Балбан кыз Сезим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты.

Жуманазарова 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи беттешинде атаандашы килемге чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды.

Андан кийин 1/8 финалда Жуманазарова намибиялык спортчу менен кез келип, аны 26 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми чейрек финалда Жуманазарова бразилиялык спортчу менен күч сынашып, 0:12 эсебинде жеңилди. Жуманазарова жеңилгени менен Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүгү калууда. Ал үчүн аны уткан бразилиялык спортчу финалга чыгышы керек. Ошондо Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгып, жолдомо үчүн беттешти улантат.

Белгилей кетсек, Сезим Жуманазарова — Кыргызстандын алдыңкы балбан кыздарынын бири Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Стамбулда өтүп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан өзүнчө беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Жуманазарова атаандашын 26 секундда жеңди (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>