Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу соттолуп жаткан милиция акталды

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу соттолуп жаткан милиция акталды

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин иштен алынып, «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев акталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Соттун маалыматында, Бакыт Матмусаевдин реаблитация болуу укугу бар.

Белгилей кетсек, соттук териштирүү бир жылдай жүрдү. Ага айып тагып, ишти кароого өткөрүү үчүн дагы бир топ убакыт талап кылынган.

Эскерте кетсек, Айзада Канатбекованын сөөгү  2021-жылдын апрель айында табылган. Милиция кызды уурдалган кийин 2 күн издеген. Окуядан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлери иштен алынган.

Бирок көп өтпөй алар кайра кызматка кайтып келип, ал эми Бакыт Матмусаев ИИМге иштеп жатканы маалым болот.

Бишкек милициясынын экс-башчысынын иши сотто каралууда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>