ЖЭБтеги кырсыкта жабыркагандар Түркиядан келишти

ЖЭБтеги кырсыкта жабыркагандар Түркиядан келишти

Кышындагы Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкта жабыркагандар Түркиядан  Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алар Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтунда дарыланат.

Бейтаптар Адананын шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып, бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Белгилей кетсек, кырсыкта жабыркаган оор абалдагы эки бейтап президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга жөнөтүлгөн. Алардын биринин денесинин 90 пайызы, экинчиси 80 пайыз күйүк алган. Жабырлануучулардын бети, мойну жана колу-буту күйгөн.

ЖЭБтеги кырсык: Жабыркагандар 80 пайыз күйүк алышкан (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>