Үзүр Жусупбеков Олимпиаданын лицензиясы үчүн беттеш өткөрөт

Үзүр Жусупбеков Олимпиаданын лицензиясы үчүн беттеш өткөрөт

Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште коло үчүн беттеште жеңишке жетип, Олимпиаданын жолдомосу үчүн ат салыша турган болду.

Жусупбеков 97 кг салмакта күрөшүүдө. Үчүнчү орун үчүн кармашта ал япониялык Юри Наказато менен күч сынашып, аны 9:0 эсебинде жеңип алды. Мелдештин жобосуна ылайык, Жусупбеков лицензиялык мелдеште үчүнчү орунду ээлегендиктен, Олимпиаданын жолдомосу үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Эми ал лицензия үчүн германиялык Лукас Лазогианис менен күч сынашат.

Стамбулда өтүп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмакта Олимпиадага жолдомо уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдеште балбандарга Париждеги Олимп оюндарына лицензия алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>