Өзбекстан Кыргызстанга жардам катары 3000 тонна буудай жөнөттү

Өзбекстан Кыргызстанга жардам катары 3000 тонна буудай жөнөттү

Өзбекстан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Темир жол аркылуу келген гуманитардык жардамды Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов 17-ноябрда Ош шаарындагы станциядан тосуп алган.

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 400 орундуу өзбек тарабынан курула турган эки инфекциялык оорукана үчүн Кыргызстанга модулдук конструкцияларды жеткирүү күтүлүүдө.

Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тарап кезектеги жардамы үчүн Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге жана бүтүндөй Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, 15-ноябрь күнү Өзбекстандан Кыргызстанга атайын учак менен гуманитардык жардам келген.
[su_image_carousel source=»media: 48600,48599,48598″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>