№1 бейтапканада 55 жаштагы аял антибиотик алгандан кийин көз жумду

№1 бейтапканада 55 жаштагы аял антибиотик алгандан кийин көз жумду

Бишкектеги №1 бейтапканада  55 жаштагы аял экстенбензатин дарысын алгандан кийин көз жумду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастады.

Ага булчуңдан ийне сайышкандан кийин 2-3 мүнөт өтпөй башы айланып баштаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, аялга жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды.

«Аталган дарыны дарыгер дайындаган. Аны бейтап буга чейин дагы алган”, — дейт  министрлик.

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматында, өткөн аптада (18-декабрдан 24-декабрга чейин) сасык тумоо жана башка вирустук илдеттер менен ооруган жарандардын саны 40,2 пайызга көбөйүп, 16 миң учур катталды.

Сасык тумоо боюнча кырдаал: ооругандардын 65 пайызы балдар

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>