№19 абактын кызматкерлери арасында футболдук мелдеш өттү

№19 абактын кызматкерлери арасында футболдук мелдеш өттү

Жазаларды аткаруу кызматынын №19 өзгөчө тартиптеги түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин арасында, 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата кичи футбол боюнча өтмө кубок мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Мелдештин башында №19 мекеменин жетекчиси Арстан Байсынов сөз сүйлөп, турнирдин катышуучуларына ден-соолукту чындоого жана спортту сүйүүгө чакырган.

Спорттук мелдешке 8 команда катышып, мыктылары аныкталган: 1-орунга 5-смендин кенже курамынын кызматкерлери ээ болуп, өтмө кубок тапшырылган; 2-орунду 2-смендин кенже курамынын кызматкерлеринин командасы багынкан; ал эми 3-орунду офицердик курама команда алган.

«Оюндун таризи өтө кызыктуу, көздүн жоосунун алды. Мелдеште алдыга озуп чыккан командалар жана мыкты деп табылган оюнчулар баалуу сыйлыктарга татышты», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>