Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 69 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 1-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.
Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 21;
Орусиядан келген курсанттар — 18 ;
Чүй облусу — 6;
Нарын облусу — 14;
Ош ш. — 9;
Ош облусу — 1.
Жалпысынан 1-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1817 адамга жуккан.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 11 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1181 адамга жетти.