Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Орусиядан чартердик каттам аркылуу 177 кыргызстандык мекенине келди
01.06.2020 | 10:01
31-май күнү Новосибирск-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 177 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Андагы билдирүүдө айтылгандай, учуп келгендердин басымдуу бөлүгү кош бойлуу, балалуу келиндер, улгайган жана оорукчан адамдар болгон.
Алардын баары тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүү үчүн обсервацияга алынган.
31-майга карата Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 1748 адамга жетти. Алардын ичинен 1170 адам айыкты. 16 адам илдеттен улам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом