Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
10 айда канча бала зордуктоого кабылганы айтылды
28.11.2023 | 10:47
Жыл башынан бери жашы жете электер тарабынан 1 миң 320 кылмыш иши жасалган. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирди.
Өспүрүмдөрдүн 48,9 пайызы уурулукка, 16,6 пайызы тоноочулукка шектелет. 10 айда 529 ишти кыскартуу чечими кабыл алынып, 374 иш сотко жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда кылмыштуу кол салуулардан 1 миң 264 жашы жете электер жабыркаган. Балдарга көбүнчө каракчылар кол салып, тоноп кетишет.
Январь-октябрь аралыгында жабыркаган балдардын 15 пайызы буюмун уурдатса, 11,2 пайызы зордуктоого (138 бала), 6,4 пайызы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге кабылган.
Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында 38 бала каза болгон, ал эми 295 бала денесинен жаракат алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом