Асылбек Маратов республикалык айтыштын баш байгесин утту

Асылбек Маратов республикалык айтыштын баш байгесин утту

Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышында акын Асылбек Маратов баш байге утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Айтыштын финалы 27-ноябрда Бишкекте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өттү.

Тандоо турунан өтүп, айтышка катышкан 14 акындын ичинен Асылбек Маратов баш байгени утуп, 150 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу алып, 120 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунга татыган Мамбеттокто Мамбеторозо 100 миң сом, үчүнчү орунду ээлеген Баян Акматов 80 миң сом сыйлык алды.

Айтышка катышкан калган 10 акынга кызыктыруучу сыйлык катары 45 миң сомдон берилди.

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлыгы жана ардак громаталары тапшырылды.

Эске салсак, жалпы байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтыштын тандоо туру 15-ноябрда Бишкек шаарында өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>