Кыргызстан 2030-жылга чейин жолдорун 11,5 тоннага ылайыкташтыра албайт

Кыргызстан 2030-жылга чейин жолдорун 11,5 тоннага ылайыкташтыра албайт

Кыргызстан 2030-жылга чейин жолдорун 11,5 тоннага ылайыкташтыра албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин талабы менен өлкөдөгү эл аралык жолдордун баары 11,5 тоннаны көтөрө алышы шарт. Жалпысынан 256 чакырым жолду 65 миллиард сомго оңдоп чыгуу керек.

“Бирок биз 2030-жылга чейин жолдорду оңдоп чыкканга жетишпейбиз. Ошондуктан келишимден мөөнөттү алып салууну сурандык. Биз мүмкүнчүлүккө жараша негизги эл аралык коридорлорду талапка ылайыкташтырууга аракет кылабыз”, — дейт министрдин орун басары.

Транспорт министрлигинин маалыматында, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу 11,5 тоннага ылайыкташылган. Андан тышкары Маданият – Жалал-Абад жана Корумду – Каракол жолдору бул талапка жооп берет.

Кыргызстандагы эл аралык жолдор 10 тоннага, ички жолдор 8 тоннага ылайыкташтырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>