Кыргызгидромет 14-июнга карата Кыргызстандагы аба ырайынын болжолун жарыялады.
Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарында, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +15…+20
күндүз +31…+36
Талас облусу
түнкүсүн +14…+19
күндүз +29…+34
Баткен облусу
түнкүсүн +18…+23
күндүз +32…+37
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +18…+23
күндүз +32…+37
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +12…+17
күндүз +24…+29
Нарын облусу
түнкүсүн +10…+15
күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° жылуу болот.