U17: Балбан Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду

U17: Балбан Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду

Бишкекте өткөрүлгөн 17 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча балбан Өмүрбек Асан уулу (60 кг) биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ал килем үстүнө 13-июнда чыгып, таймашты чейрек финалдан баштаган. Биринчи беттешинде Өмүрбек Асан уулу 13:4 эсебинде түркмөнстандык балбанды жеңген. Жарым финалда индиялык спортчуну 8:2 эсебинде уткан.

Ал эми алтын үчүн беттеште ирандык балбан Сажад Голамхассанды 2:1 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

Азия чемпионаты (U17): Кахаров менен Чыныбаева күмүш тагынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>