Баткен: Чек арада абал тынч

Баткен: Чек арада абал тынч

Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев видео кайрылуу аркылуу билдирди.
Анын айтымында, абал тынч. Ар кандай туура эмес маалыматтар чыгып кеткен. Ушул тапта тажик коллегаралы менен чек ара маселелери боюнча иштерди жасап жатат. 21:45ге карата абал тынч.

Ошондой эле Алимбаев жалпы элди такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Буга чейин Баткен облусунун айрым айылдарында ок атылганы айтылып, кийинчерээк УКМК бул маалыматты төгүндөгөн.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>