16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки киши кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында 6-сентябрга чейин кармалат.
Буга чейин «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова 6 жаштагы кызды зордуктагандардын соттук иш болгонун, судья шектүүлөрдү сыртка чыкпоо тил каты менен бошотконун жазган.
Андан соң Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бул иште өспүрүмдүн укугу бузулганын айтып чыккан.
Бул окуядан кийин Свердлов районунун судьясы Жаналы Батырбеков отставкага кеткен.
Өспүрүм кызды зордуктады деген эки адамды бошоткон сот иштен кетти