Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат
16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандар кайрадан камакка алынды
08.07.2022 | 22:03
16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки киши кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында 6-сентябрга чейин кармалат.
Буга чейин “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова 6 жаштагы кызды зордуктагандардын соттук иш болгонун, судья шектүүлөрдү сыртка чыкпоо тил каты менен бошотконун жазган.
Андан соң Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бул иште өспүрүмдүн укугу бузулганын айтып чыккан.
Бул окуядан кийин Свердлов районунун судьясы Жаналы Батырбеков отставкага кеткен.
Өспүрүм кызды зордуктады деген эки адамды бошоткон сот иштен кетти
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар