Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Сот өспүрүм кызды зордуктоого айыпталган эки адамды бошотту
08.07.2022 | 14:23
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 8-июлда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактарда билдирди.
Анын айтымында, эки шектүү жаран Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүмү (“Зордуктоо”) жана 162-беренесинин 3-бөлүмү (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) беренелери боюнча айыпталып жатышкан. Соттук отурумда айыпталуучулар эч жакка кетпөө кол каты менен камактан бошотулду.
“Жабырлануучу кыз алган жаратынан улам өлүп кала сактаган”, – деген ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом