Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Өспүрүм кызды зордуктады деген эки адамды бошоткон сот иштен кетти
08.07.2022 | 16:06
16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан эки жаранды камактан бошоткон Свердлов райондук соту Жаналы Батырбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-июлда Соттор кеңешине ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз келип түшкөн.
“Жаналы Батырбековдун кызматтан кетишине анын мындай чечими менен сот системасына көлөкө түшүргөнү себеп болду”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 8-июлда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды камактан бошоткону маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом