COVID-19 жана пневмониядан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдеттен соңку суткада Бишкек шаарында 1 адам жана Баткен облусунда 1 адам каза тапкан.
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1498 адамга жетти.