ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
18-июнда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Себеби
16.06.2023 | 17:48
18-июнда саат 16:00дөн 23:00гө чейин Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көчөлөргө чектөө киргизүү Ала-Тоо аянтында “Fusion Concept” заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу болот.
“Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи августта Парижде өтүүчү финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алышат”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чара мэрия, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом