Баткенде талкалаган үйлөрдү оңдогон ишкер алдамчылыкка шектелүүдө

Баткенде талкалаган үйлөрдү оңдогон ишкер алдамчылыкка шектелүүдө

Баткендин Ак-Сай айылында Тажикстандын кол салуусунан кийин талкаланган 57 үйдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн жаран ишкерден 1,2 млн сомго товар алып алдап кеткен. Учурда ал издөөгө алынган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жарандын үстүнөн милицияга Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арызданган.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан кийин Ак-Сай айылындагы талкаланган 57 үйдүн калыбына келтирүү иштери менен Лейлек районунун 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров аттуу тургуну алектенмей болгон.

«Шектүү 2023-жылдын январь-февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып, акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы суммасы 1 млн 295,4 миң сомдук курулуш материалдарын алып, 26-мартка чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен», — деп билдирет милиция.

Аталган факты боюнча 16-майда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Милиция Добурбек Кадыров тууралуу маалыматы бар жарандардарды же көргөн-билгендер болсо, 03622 5-01-24,  0555-57-50-70, 0557-78-62-78 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>