Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөтКыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалуудаКурулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырды
Новопавловканын жолдорун шагыл төгүп оңдоого 15 млн сом сарпталат
16.06.2023 | 17:32
Чүйдүн Новопавловка айыл аймагынын жолдорун кум-шагыл төгүп оңдоого тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, Новопавловканын жолдоруна кум-шагыл төгүп оңдоого 15 млн 35,6 мин сом каралган. Тендер Новопавловка айыл өкмөтү тарабынан жарыяланган.
Тендер боюнча арыздар 21-июнга чейин кабыл алынат.
Жолдор келишим түзүлгөндөн кийин 30 күн ичинде жасалып бүтүшү керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом