Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдодуЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандан 777 метр тор алындыКурулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп бердиТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралууКРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталдыБишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалды
18-июнда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Себеби
16.06.2023 | 17:48
18-июнда саат 16:00дөн 23:00гө чейин Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көчөлөргө чектөө киргизүү Ала-Тоо аянтында “Fusion Concept” заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу болот.
“Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи августта Парижде өтүүчү финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алышат”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чара мэрия, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом