Кыргызгидромет болжолдогондой, эртең, 18-январь күнү өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -15…-20
күндүз -4…-9
Талас облусу
түнкүсүн -17…-22
күндүз -4…-9
Баткен облусу
түнкүсүн -9…-14
күндүз -4…+1
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -9…-14
күндүз -4…+1
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -8…-13
күндүз -4…+1
Нарын облусу
түнкүсүн -26…-31
күндүз -12 … -17.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -15…-17°, күндүзгү жогорку температурасы -4…-6° болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз