Талибдер аялдардын медицина уюмдарына иштөөсүнө уруксат берди

Талибдер аялдардын медицина уюмдарына иштөөсүнө уруксат берди

Талибан кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) тарабынан түзүлгөн Ооган өкмөтү аялдарды бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө мурда жарыяланган тыюуну алып салды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги France Presse агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Басылма Талибандын Экономика министрлигинин өкүлү Абдул Рахман Хабибдин Ооганстанга саламаттыкты сактоо тармагында аялдардын болушу керек деген сөздөрүн келтирет.

«Бизге тамактанбаган балдарды жана медициналык кызматка муктаж болгон башка аялдарды багуу үчүн керек. Аял кызматкерлер биздин диний жана маданий баалуулуктарыбызга ылайык иштешет», — деди Абдул Рахман Хабиб.

Андан соң ооган калкына гуманитардык жардам көрсөтүү менен алектенген бир нече бейөкмөт уюмдар өз ишмердүүлүгүн кайра жанданта турганын жарыялашты.

Буга чейин Талибан өкмөтү бардык жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдарга аялдарды жумуштан четтетүүнү буйруган.

Эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тыюу салуу бүткүл өлкө боюнча иштеген жана ооган калкынын аярлуу катмарына, өзгөчө аялдар менен кыздарга жардам берген көптөгөн гуманитардык уюмдардын ишмердүүлүгүнө доо кетирет деп тынчсыздануусун билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талибан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>