Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кадамжайда издөөдө жүргөн жаран кармалды
13.04.2023 | 13:52
Кадамжай районунда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында 2022-жылдын июль айларында аккумуляторлор жоголуп, беш уурулук фактысы катталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши ачылып, шектүүнү издөө башталган.
Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 4-апрель күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын тургуну мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы С.А. аныкталып кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом