Баткенде топ балдар милицияга таш ыргытып, асманга ок атылды (видео)

Баткенде топ балдар милицияга таш ыргытып, асманга ок атылды (видео)

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында топтошкон балдар автоунааларды, анын ичинде милиция кызматкерлеринин унаасын таш менен ургулаган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-апрелге караган түнү саат 01:35 чамасында милицияга Кызыл-Кыя шаарынын Новая көчөсүндө топтошкон балдар ызы-чуу салып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кызыл-Кыя шаардык милициянын башчысы ыкчам-тергөө тобу менен окуя жерине барганда, 60-70 бала таяк жана таштар менен жол четинде токтотулган унаалардын терезелерин талкалап жаткандыгын көрүшкөн.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, алар милиционерлердин унааларына таш ыргытышкан. Жыйынтыгында милиционерлерге жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабыркаган.

«Милиция кызматкерлери жаш балдардын бул кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан «Айгай» көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен», — деп билдиришти милициядан.

Окуядан кийин милиция көчөдө жүргөн 14 өспүрүмдү кармаган. Учурда алардын окуяга катыштыгы бар же жоктугу такталып жатат.

Териштирүү иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>