«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюштуКыргызстан БУУда гендердик квоталоо жана Фергана өрөөнүндөгү тынчтык боюнча баяндама жасадыБишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталуудаТургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтЭнергетика министри 2030-жылга чейин электр энергиясынын баасынын өсүү графигин ачыктады
Түптө үч кызды өгөй таятасы зордуктап жүргөн деп шектелүүдө
31.07.2023 | 13:37
Ысык-Көл облусунун Түп районунда үч кызды өгөй таятасы көп убакыттан бери зордуктап жүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-июнда кыздардын апасы милицияга арыз менен кайрылып, анда 23 жаштагы жана эки жашы жете элек кыздары өгөй таятасы аркылуу зордукталганын айткан.
“Кыздар Түптөгү айылдардын биринде таянеси менен жашап келишкен. Шектүү 67 жашта. Ага соттук-медициналык жана психиатриялык, биологиялык экспертизалар дайындалган. Алдын ала суракта шектүү күнөөнү моюнга алган эмес. 14-июнда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган”, – деп жазылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал