Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 526 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 2-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 211;
Чүй облусу — 231;
Ош ш. — 19;
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 27;
Талас облусу — 1;
Баткен облусу — 18;
Ысык-Көл облусу — 10.
2-июлга карата өлкөдө жалпы 6 миң 261 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны – 87 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 530 бейтап айыкты.