Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 20-январда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Аба температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -6…-1
күндүз -6…-1
Талас облусунда
түнкүсүн -10…-5
күндүз -7…-2
Баткен облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +4…+9
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -2…+3
күндүз +4…+9
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -7…-2
күндүз -2…+3
Нарын облусунда
түнкүсүн -16…-11
күндүз -7…-2
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы -5…-3 градус, күндүзгү -4…-2 градус болушу күтүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз