20-январга карата аба ырайы

20-январга карата аба ырайы

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 20-январда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Аба температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -6…-1

күндүз -6…-1

Талас облусунда

түнкүсүн -10…-5

күндүз -7…-2

Баткен облусунда

түнкүсүн -2…+3

күндүз +4…+9

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн -2…+3

күндүз +4…+9

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -7…-2

күндүз -2…+3

Нарын облусунда

түнкүсүн -16…-11

күндүз -7…-2

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы -5…-3 градус, күндүзгү -4…-2 градус болушу күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>