Чүйдө алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды

Чүйдө алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 22-сентябрында Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгына Ж.Б. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, Мурат аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Ал Германиядан эски унааларды ташып келүүнү убада кылып, 2019-жылдан 2023-жылга чейин 60 миң доллар алып, изин жашырып кеткен.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 1-бөлүмүменен кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Токмок шаарынын ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1987-жылы туулган чет мамлекеттин жараны А.П. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү А.П., өзүн Мурат деп тааныштырып, Токмок шаарында ушул сыяктуу 10дон ашык фактыларды жасагандыгы аныкталган жана Чүй облусунун Ысык-Ата, Аламүдүн жана башка райондорунун аймагында жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Милиция А.П. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабырлануучулар болсо Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө же 0312 60-73-63, 03138 6-31-02 телефондору боюнча нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>