Коомдук транспортто кыргыз тилинде мультфильмдер көрсөтүлөт

Коомдук транспортто кыргыз тилинде мультфильмдер көрсөтүлөт

Коомдук транспортто кыргыз тилинде анимациялык фильмдер көрсөтүлөт. Бул тууралуу УТРК билдирди.

Маалыматка караганда, 14 жана 9 бөлүмдөн турган “Козулар” жана “Сыйкырдуу калем” аттуу тасмалар ата-мекендик адистер тарабынан даярдалды. «Мектептке бара жаткан же окуудан кайткан маалда биздин бөбөктөр коомдук транспорттон кыргыз тилиндеги мультфилмдерди көрүп, эне тилди билүү жөндөмүн арттырып, ага болгон кызыгуусун жаратат деп ойлойбуз. Анткени шаар жеринде келечек муун арасында эне тилди билүү негизги көйгөйгө айланганы жашыруун эмес. Биргелешкен жалпы аракеттин аркасында гана бул маселени чече алабыз деп ишенем»,- деп билдирет телеканалдын жетекчилиги.

УТРК мындан башка да балдарга арналган чет элдик тасмаларды которуп, үн коштоп, жаш көрөрмандарга сунуштап жатканын белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>