Эртең, 23-сентябрда Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, тоолуу аймактарына кар жаашы мүмкүн. Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдалды.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +22 … +27;
Талас облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25,
Бишкекте жаан жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн +8 … +10, күндүз +25 … +27 градус ысык болот.