КММАнын окутуучусу 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
УКМК тарабынан И.Ахунбаева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын окутуучусу «Д.Н.Д.» 150 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды.
УКМК кабарлагандай, кармоо учурунда студент «А.А.»нын жанынан 100 000 сом акча табылган. «А.А.» акчаларды кышкы сессиядагы экзамендерди оң жакка чечип берүү үчүн «Д.Н.Д.»га берүү максатында чогултканын билдирген.
Алдын ала иликтөөлөрдө «Д.Н.Д.» кызмат абалын колдонуп, студенттерден акча талап кылып, бербегендерди экзаменден өтүүдөн четтетип, упайларын төмөндөтүп келгендиги аныкталды. Ошондой эле ал студенттерге сабак өтпөгөнү жана окуу планын аткарбаганы да белгилүү болду.
Учурда «Д.Н.Д.» КР КЖКнын 96-беренеси менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. УКМК окуу жайдагы башка коррупциялык фактыларды жана катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерин улантууда.