БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
29-июнь: Кыргызстанда дагы 269 адамдан коронавирус аныкталып, 52 бейтап айыкты
29.06.2020 | 10:04
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 269 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 138;
Чүй облусу – 43;
Ош ш. – 23;
Ош облусу – 6;
Нарын облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 26;
Ысык-Көл облусу – 16;
Талас облусу – 9;
Баткен облусу – 4.
29-июнга карата өлкөдө жалпы 5 миң 17 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 52 – бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 294 бейтап айыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом