29-июнь: Кыргызстанда дагы 269 адамдан коронавирус аныкталып, 52 бейтап айыкты

29-июнь: Кыргызстанда дагы 269 адамдан коронавирус аныкталып, 52 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 269 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 138;
Чүй облусу — 43;
Ош ш. — 23;
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 4;
Жалал-Абад облусу — 26;
Ысык-Көл облусу — 16;
Талас облусу — 9;
Баткен облусу — 4.

29-июнга карата өлкөдө жалпы 5 миң 17 адам коронавирус жуктуруп алган.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 52 –  бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 294 бейтап айыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>